Кечээ, 26-ноябрда ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумунда кыргыз жана казак боз үйлөрүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине каттоо чечими кабыл алынды.
Көчмөн элдердин боз үйү Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен аракети менен дүйнөлүк мурастар тизмесинен орун алды. Добуш берүү учурунда 170тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү боз үйдү кыргыз менен казакка таандык орток мурас деп таанышты.
Кыргызстандык делегациянын жетекчиси, ЖКнын депутаты Карганбек Самаковдун маалыматына ылайык, Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү боюнча кийинки кезекте айтыш, көк бөрү, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат жана Сафед-Булан тарыхый комплекстери турат.
Эске салсак, аталган тизмеден буга чейин Сулайман тоо, “Манас” үчилтиги, шырдак, ала кийиз жана Суяб, Баласагын тарыхый шаарлары орун алган.