Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында 4 адам ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 26-ноябрь күнү саат 19:30да куткаруучулар “Райимбердиев” ишканасына караштуу көмүр шахтасында газга ууланып калган 4 жумушчуну атайын шаймандардын жардамында шахтанын ичинен чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Алардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.