Кечээ, 26-ноябрь күнү “Кадамжай-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде кыргыз жаранынын унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын ичинде 5 өзбек жараны болгон. Алардын жанында эч кандай документтери болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргызстандык айым Ауди унаасынын багажнигине 5 өзбек жаранын салып, Кыргызстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган. Учурда бул боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.