"Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча өтүп жаткан сотто 2012-жылдын 3-октябрында "Кумтөр" маселеси боюнча өткөн митингдин катышуучусу Кубатбек Кожоналиев төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бул митингдин максаты - “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгуу болчу. Ал эми менин митингдеги милдетим - сөз сүйлөй турган адамдардын тизмесин текшерип, аларга сөз берүү болчу. Бир убакта мага сөз бериле турган убакта эл кыйкырып, Ташиевге микрофон берилди. Биз Ташиев деле "Кумтөр" жөнүндө сүйлөйт болуш керек деп ойлогонбуз. Ал эми колубузда тапанча бар болчу дегенге мен таптакыр кошулбайм. Алдын ала сүйлөшүүлөр жүргөндө биз кантип эле 30 кишиге "эртең тапанча алып чыккыла" деп айталы? Эгер айткан болсок, анда алардын ичинен бирөө дароо эле бул сөздү жайып жибермек".