Кемин районунда болгон карактоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын ортосунда Жаңы-Алыш айылындагы жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз адамдар киришип, үй ээсин таңып, анын 7 миң сом жана 4 миң долларлык буюмдарын алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары эки жаран кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.