Бишкекте “Биринчи Май, Ленин, Свердлов районунун ички мигранттары үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тармагын өзгөртүү” аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу 27-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага райондук администрациялардын өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жалпы билим берүү мекемелери, жергиликтүү аймактык башкармалыктар жана Ак-Босого, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо жаңы конуштарынын үй башчылары катышты.
Жыйында ички мигранттар үчүн негизги кызматтарды көрсөтүү жана ички мигранттарга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу талкууланды.
Тегерек столду Биринчи Май райондук администрациясы “Балдарды коргоо борбору” АК менен биргеликте уюштурду.