Чүй облусундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары мыйзамсыз жер сатуу фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз сатылган жерлер муниципалдык менчикте болгон. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.