Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде 29-30-ноябрь күндөрү алгачкы жолу “Жуманын таттуу аягы” (Sweets Weekend) аталыштагы таттуу азыктардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Иш-чарага таттуу азыктарды даярдаган 25тен ашуун мыкты кондитердик ишкана катышмакчы. Фестивалдын жүрүшүндө кондитердик азыктардын, момпосуйлардын, мармеладдардын жана нукура ширелердин түрлөрү сатыкка коюлмакчы. Ошондой эле таттуу азыктардын көрсөтмөсү, ар кандай сынактар жана ашпозчулардан мастер-класстар көрсөтүлмөкчү.