Бишкектеги курулуш объектисинде мыйзамсыз иштеп жүргөн Өзбекстандын жарандары кармалышты

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзамсыз түрдө иштеп жаткан Өзбекстандын бир канча жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 26-ноябрда Бишкек ШИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү документтери жок Өзбекстандын жарандары шаардагы курулуш объектисинде иштеп жаткандыгын аныкташкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын жарандарына кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө жана бул жактан ишке орношууга А.Бектур аттуу жаран жардам бергени маалым болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
MilliaRdova88
2014-11-27 15:35:28
Озубуздо жумуш жок, аларды департациялоо керек эч ойлонбостон. Жумушу жок жургондор иштесин.
+3
mirbakg
2014-11-27 16:33:08
ФМС басыптырда аларды да
+1
Gulnur1980
2014-11-27 16:55:06
Менимче булар Озбекстандык кыргыз туугандар болсо керек! Уйлорубуздун фундаментинен баштап оо килем салып киргенге чейинкилерин ошол тараптан келгендер КРгы бааларга салыштырмалуу арзаныраак бутуруп берип атышпайбы!Мисалы мен аларга каршы эмесмин!
-1
baba.
2014-11-27 17:56:57
Биз деле Москвада иштеп жатпайбызбы.Ким кай жерден нан тапса жей берсин.......бирок заондун чегинде.
0
mr.juma
2014-11-27 18:38:17
коп жылдан бери эле иштеп келген эми эле текшерип калганын
+1
kuba0506
2014-11-28 01:08:17
Аларды кирбеш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан