Белгилүү Голливуд актёру, кезинде профессионалдык бокс менен алектенген Микки Рурк эртең, 28-ноябрда профессионалдык рингге кайтып келет. 61 жашта экенине карабай мындай чечимди чыгарган Рурктун атаандашы 29 жаштагы Эллиот Сеймур болмокчу. Беттеш Москвада өтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, Рурк бокс менен олуттуу түрдө 12 жашында машыгып баштаган. Белгилүү машыктыруучу Фредди Роучтун жетекчилиги астында ал 8 беттеш өткөрүп, анын алтоосун утуп алган. Кийин жаракатынан улам бокс менен коштошуп, тасмаларга тартылууга бел байлаган.