Акыркы суткада өлкө аймагында 20 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты

Акыркы суткада өлкөнүн аймагында 20 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Ал эми 26 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда катталып жаткан автокырсыктар айдоочулардын кышкы мезгилге карата унааларына тиешелүү кам көрбөгөндүгүнөн болууда. Ар бир айдоочу кышка карата унаасын техникалык жактан даярдашы керек. Ошол эле жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, ага чынжыр байлап дегендей. Тилекке каршы, айрымдар жайкы дөңгөлөктөр менен, эч кандай жол эрежелерин сактабастан жүрүшөт. Эң негизгиси, мындай тоңголокто жол эрежелерин сактоо керек”,- дейт ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.

27-ноябрга карата Чүй облусунун аймагында 4 жол кырсыгы катталып, 7 адам жаракат алган. Бишкекте болгон 6 жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Ысык-Көл облусунда 2 жол кырсыгы болуп, 3 адам жаракат алып, 1 адам каза тапты. Талас облусунда 1 жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды, ал эми Баткен облусундагы 4 жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.

Эске салсак, кечээ, 26-ноябрда 26 жол кырсыгы катталып, 5 адам каза тапкан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taku0214
2014-11-27 20:47:29
Урматтуу Супер инфо администрациясы сунушум коментарий жазганга "конок" деген чектоолорунузду алып салсаныз жакшы болот эле.
0
admin_superstan
2014-11-28 10:26:21
taku0214, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Бирок эрежелер өзгөртүлбөйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан