Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Мерседес-Бенц унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алышканда айдоочу Жалал-Абад облусу боюнча Каржы полициясында иштээрин айткан. Ошондой эле анын унаасынын ичинен 2 даана мамлекеттик номур жана МАИ кызматкеринин таякчасы (жезл) табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын Ысык-Көл облусу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.