Жылнаама, 1-декабрь: Мындан 3 жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен

1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Ошентип, алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи ирет тынчтык жолу менен, шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен.
 
* Мындан 148 жыл мурун, 1866-жылы уэльстик геодезчи, географ Жорж Эверест 1830-1843-жылдары Индияда башкы геодезчинин кызматын ээлеген. Өмүрүнүн акыркы жылы Жорж Эвересттин караманча каршы экенине карабай анын ысымы дүйнөдөгү эң бийик чокуга ыйгарылып, азыркы күнгө чейин Эверест чокусу деп аталып келет.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы белгилүү “Форсаж” тасмасы аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Пол Уокер автокырсыктан каза тапкан. Кырсык Калифорния штатындагы Санта-Кларита шаарында болгон. Аталган шаарга актёр Филиппиндеги тайфундан жабыркагандарга акча чогултуу үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясы (автошоу) үчүн барганы айтылган. Пол Уокер досунун унаасында жүргүнчү катары бара жатып кырсыкка учурап, экөө тең каза тапкан. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калып, жогорку ылдамдыкта бара жаткан автоунаа даракты сүзүп, күйүп кеткен. 40 жаштагы актёр сентябрь айында тартылып баштаган “Форсаж 7” тасмасында роль жаратып жаткан.
* Мындан 127 жыл мурун, 1887-жылы Шерлок Холмс тууралуу биринчи китеп, “Кочкул кызыл өңдөгү этюд” деген роман басылып чыккан.
1-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhanarbek80
2014-12-01 08:24:57
президент болбой калсан жакшы болмок екен
+2
Nursss_Real_Madrid
2014-12-01 09:13:50
Куттуктайбыз мындан ары да таза иштей бериниз!!!
-2
alinur82
2014-12-01 12:20:41
Nursss_Real_Madrid, ха-ха-хаааа жакшы анекдот экен.
+1
admin_superstan
2014-12-01 11:11:22
wustraya, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан