"Быйыл Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 48 миллион сом акча бөлүп берүү сунушталган, бирок акча бөлүнө элек". Мындай маалыматты бүгүн, 1-февралда ЖКнын "Республика" фракциясынын жыйынында Туризм департаментинин директору Данияр Казаков билдирди. “Жадакалса туристтер үчүн бизде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды чагылдыруу үчүн кагаз, техникалар жетишсиз” деди ал. Казаков мындан сырткары департаменттин алдында туризмди өнүктүрүү жана аны даңазалоо боюнча пландалган иш-чаралар бар экендигин билдирип, бирок акчанын жетишсиздигинен ишке ашпай жатканын кошумчалады.