Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар Латвияга баруу үчүн шенген визасын алууга Швейцариянын Бишкектеги элчилигине кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Швейцариянын КРдагы элчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Швейцариянын Бишкектеги элчилиги виза берүүгө 90 күнгө чейинки кыска мөөнөттүү арыздарды гана кабыл ала алат. Ал эми улуттук визаны берүүгө арыздарды Латвиянын Астанадагы элчилигине жазуу зарыл.
“Бардык арыздарды Швейцариянын элчилигине арыз берүүчү жеке өзү жазышы керек. Анткени ар бир арыз жазуучунун биометрикалык маалыматы керектелет. Шенген виза маалыматтык тутуму виза процедурасын, Шенген зонасынын тышкы чек ара пункттарында текшерүүлөрдү жеңилдетүүгө шарт түзүп, визанын ээсинин коопсуздугуна кепилдик берет”,- деп белгилешти элчиликтен.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда Швейцариянын Бишкектеги элчилиги аркылуу Швейцария, Польша, Словения жана Эстонияга виза берилүүдө. Ал эми 1-декабрдан тарта Латвияга берилсе, ушул эле жылдын 15-декабрынан тарта Чехияга да виза алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.