Ошто 15 жашар кызды сойкулукка тарткан айым коё берилди

Ошто 15 жашар өспүрүм кызды сойкулукка тарткан айым коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун 1999-жылы туулган Жоогазын аттуу тургуну ата-энеси менен урушуп, Ош шаарына кетип калган. Ал жактан мурда 4 жолу соттолгон Кундузга жолуккан. Ал 15 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө көндүрүп, түшкөн акчанын жарымын берерин айткан. Бирок бир ай сойкулук менен алектенген соң, аталган аял акчасын берген эмес. “Ата-энеңе, бир туугандарыңа уят кылам, дагы иштейсиң” деп кыйнап сабаган. Кийин кыздын боюнда болуп, ал кыз төрөгөн. Учурда ымыркайдын атасы ким экени билгисиз. Ал эми кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок Ош шаардык соту андан эч жакка кетпөө тил катын алуу менен коё берди. Буга кылмышка шектүүнүн жаш баласынын бар экендиги себеп болгон.

Айта кетсек, буга чейин да Ош шаардык соту "Ошто 33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аялды үй камагына чыгарып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ermek87kg
2014-11-27 17:35:16
Акчаны берсе койо берет. Чиновниктерге акча болсо болду
+4
KIPCHAK-KALMAK
2014-11-27 17:40:11
Точно алганда акча болбосом жондон жон койбербей калдыго
+3
bema_bema
2014-11-27 18:28:02
Соттор кхххр экенго
+3
jetinur90
2014-11-27 18:54:03
Эч болбосо суротун алып камап койгулачы ананайындар
+4
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-27 20:14:42
Соттор болбой эле калды. "мамашанын" акчасын алды дагы чыгарып койгону илибой кишиге даана корунуп турбайбы.
+4
asmat6
2014-11-28 00:18:55
Вай энееен ошондой адамдарды чыгарып ийип атса мен деле ушундай бизнес башташым керек екен тушуп калсан акчадан ыргытсан кайра кое берет
-1
Patrik2
2014-11-28 09:29:28
Тороп койгону чатак болуптур .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан