Нарын шаардык "Электр тармактары" ишканасы тарабынан жергиликтүү тургундар үчүн атайын акция жүрүп жатат. Акция төмөндөгүдөй шарт менен өтүүдө. 2013-жылдын 1-февралынан 8-мартына чейин шаардык "Электр тармактары" ишканасына бардык шаардын тургундары пайдаланган электр энергиясына болгон карыздарын төлөсө, кечиктирилген төлөм үчүн чектелген кошумча төлөм (пения) жоюлат. Бул тууралуу шаардык мэриянын кызматкери Абдылда Ибраев билдирди.