Жалал-Абад облусундагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланып жаткан бейтап өз жанына кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда аталган ооруканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум Сузак районуна караштуу Жийде айылынын тургуну болгон. Ал 21-ноябрь күнү ооруканага келип, дарылана баштаган. Бирок 25-ноябрь күнү анын жансыз денесин оорукананын айланасындагы бактарга асылып турган абалда табышкан. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.