Жалал-Абад облусунун тургундары жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүштү

Жалал-Абад облусунун тургундары жер титирөөдөн жабыр тартышкан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочуларына 1 миллион сомго жакын гуманитардык жардам автокербенин жөнөтүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусу боюнча 950 миң сомдон ашуун акча каражаты жыйналып, ал каражатка Бишкек шаарынан 400 даана шифер, 20 тонна цемент жана 40 куб карагай тактай материалдары сатылып алынды. Курулуш материалдары жүктөлгөн 4 КамАЗ автокербени бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жетти”,- дейт өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kuba0506
2014-11-27 20:54:49
Азаматсынар жердештер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан