Орусияда 11 жыл бою дайынсыз жүргөн күйөөсүн аялы SUPER.KG аркылуу тапты

2003-жылдан бери Орусияда жүргөн күйөөсүн аялы SUPER.KG порталы аркылуу тапты. Бул тууралуу Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы диаспоранын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
"Мен досумдун дүкөнүнө барсам, мекендешибиз Муса Маматов нан жана тамеки сурап келип калды. Анын керектүү маалыматтарын алып, SUPER.KG'ге жөнөткөм. Андан соң анын аялы жана жакындары телефон чала башташты. Эми мекендешибизди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча консулга кайрылам",- деди Абжамилов.
Мындан тышкары ал Орусияда мындай окуялар көп кезигерин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрда Бурятиядагы кыргызстандык жаран мекендешибиздин туугандарын табууга жардам сураган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
mirbakg
2014-11-28 09:29:07
Кундо Эрте менен ушундай кабарлар боло берсин !!!
+5
nur-patriot
2014-11-28 12:37:11
mirbakg, оозуңа май ))
+3
anyaza
2014-11-28 09:33:52
Кечээ интернеттен окуп эле Жапалактык женеме звонок кылдым.Кошунасы болот экен эле,туугандарына кабар беришти.10жылдан бери издоо салып таппай журушкон экен.
+7
edu.kg
2014-11-28 10:48:34
Жакшы жанылык экен,жакшы болгон турбайбы туугандары табылып,эсен аман мекенине кайтып келсин.
+4
nur-patriot
2014-11-28 12:39:43
аялы 11 жыл сагынып күйөөсүн күтүптүр да
+3
mr.juma
2014-11-28 12:56:27
жакшы жанылык суйунуп калдым эч ким ботон жерде антип калбасын гезитке жарыя берген кишиге рахмат
+2
bossmos7
2014-11-28 12:56:40
Москвада жургондорун дагы издеп койушбайбы? Кочодо аралашып журушот!
0
bazar
2014-11-28 13:50:39
bossmos7, корvп калсан дарегин тактап сен жаз?! Мvмкvн туугандары издеп таппай жvргондордун кубанычына себепчи болосун.
+2
ak-buura
2014-11-28 13:49:19
Органдар эмне кылып журот?
0
alik1602
2014-11-28 14:16:12
мекенибиз айтат бизди балдарым,ак калпакчан башты бийик кармагын,кайда журсом сыймыктанам ар дайым,кандай бакыт кыргыз болуп калганым.кыргыздар алыс жерде бири бирибизге кайрымдуу болуп журолук,газетага жиберген байке сизге рахмат.
+3
baba.
2014-11-28 15:10:04
Суйунучтуу кабар экен.11жыл куткон аялына чон рахмат.Мындайлар метро Ботанический садда толтура дешетко......
0
rusana
2014-11-28 15:12:56
неге келбей журуптур? Уйлонуп алса керек да
-1
Begimkyz
2014-11-28 16:35:07
rusana, БОМЖ болуп кеткен экен.
0
bazar
2014-11-28 16:05:33
Эми аркандай кырдаалдар болот. Иши жvрvшп8й кыйналганда да адамдар дайынын билгизбей кетет.
+1
box
2014-11-28 21:28:33
Бизде да бирөө жүрөт эле таап таанышат окшойм.
+1
nurjana83
2014-11-28 21:43:47
Азамат суперкж. Силерге таазим.
0
kymaw
2014-11-28 22:20:37
super sizderge taazim,jakwi janylik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан