Лебединовкадагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда куткаруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-ноябрь күнү жансыз денени жергиликтүү тургундар таап алышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана милиция кызматкерлери барышып, сөөктү каналдан алып чыгышкан. Учурда маркумдун аты-жөнү тактала элек.