31-январда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов Италиянын Кыргызстандагы элчиси Альберто Пиери менен жолугушту. Жолугушууда Пиери италиялык үй-бүлөлөр асырап алгысы келген 20 кыргызстандык баланын тагдырына кызыкты. Аталган министрликтин кызматкерлери кыргыз балдарын асырап алуу тууралуу эч кандай арыз түшпөгөндүгүн билдиришти. Сүйлөшүүлөр учурунда Пиери министрликтен берилди деген документтердин копиясын көрсөттү, бирок бул документте көрсөтүлгөн балдардын тизмесинин жарымынан көбү ата-энеси бар балдар болуп чыкты, алардын арасында кыргыз жарандары асырап алган балдар да бар. Жыйынтыгында министр Кылычбек Султанов аталган маселени изилдөө үчүн комиссия түзүү чечимин кабыл алды.