Бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өрт кырсыгы катталып, 40 жаштагы айым каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Рыскулов көчөсүндө жайгашкан жеке турак жай күйүп кеткен. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, тилсиз жоону өчүрүшкөн. Ошондой эле үйдүн ичинен 1974-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.