Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасалган Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борборго генератор белек кылышты. Мындай кайрымдуулук акциясынын координатору болуп Адилет Саткеев чыккан, ал эми анын акчасын казакстандык ишкерлер каржылашты. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына профессор Калдарбек Абдраманов билдирди.
“Биздин оорукана мамлекеттик мекеме болгондон кийин генераторду жергиликтүү бийлик алып бериши керек болчу. Акыркы эки жылдан бери жергиликтүү бийликке "генератор коюп бергиле" деп 18 жолу кат жаздым, андан майнап чыккан жок. Ал эми операция учурунда светсиз калганыбыз коомчулукка тарагандан кийин Адилет аттуу жигит бизге кайрылып, генератор алып беришерин убадалаган болчу. Эми минтип жарым тонналык, 50 киловаттык генератор белек кылып жатышат. Анын Бишкектен бүгүн жеткирилип берилери күтүлүүдө. Анын жардамы менен биздин борбордун операция жасоочу жана жандандыруу бөлүмү ар дайым жарык менен камсыздалат”,- дейт К.Абдраманов.
Буга чейин билдиргенибиздей, кол чырактын жарыгында операция жасаган профессор жакында эле өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси болуп дайындалган. Ал эми кечээ, 27-ноябрда Калдарбек Абдраманов өзүнүн туулган күнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинен аталган окуяны элге жайылтып, талкууга алынганы үчүн сөгүш алганы маалым болду.
“Мындай окуялар болгондо жетекчилер башкы дарыгерлерди такалап калышат. А бирок алар эмне кыла алмак эле? Ошол эле генераторду башкы дарыгер эмес, жергиликтүү бийлик камсыздашы керек болчу. Бирок сөгүштү башкы дарыгерлер угууда. Ал окуядан кийин 2 ай өттү, электр жарыгы эмнеге өчкөнүнө же ооруканабызда кандай көйгөйлөр бар экенине эч кимиси кызыкдар болгон жок”,- деп кошумчалайт К.Абдраманов.