Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын 75 жылдык мааракесине карата “Илим жана жаштар – жаңы идеялар жана жыйынтыктар” аттуу аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, конференцияга Ош мамлекеттик университетинен, Ош техникалык университетинен, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен жана Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 300дөн ашуун студент катышты. Илимдин бир нече багыты боюнча иш алып барган 4 секцияда алдынкы 75 студенттин баяндамалары жасалып, мыкты деп табылган баяндамалар үчүн дипломдор ыйгарылды. Бул илимий иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, алардын бардык багыттагы байланыштарын жандандырууга өбөлгө түздү.