Урмат Аманбаева, депутат: "Туризмди өнүктүрүү "Манас" аэропортунан башталат"

Бүгүн, 1-февралда өткөн ЖКнын "Республика" фракциясынын жыйынында депутаттар өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүдө натыйжалуу иштер жасалбай жатканын айтышты. Депутаттар ошондой эле "КРда туризмди өнүктүрүү" боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу сунушун өкмөткө тапшырышты. Ал эми туристтик сезон учурунда Ысык-Көлгө турист тартуу үчүн Тамчы - Москва, Тамчы - Алматы, Тамчы - Астана авиакаттамдарын ачуу зарылчылыгын белгилешти. "Туризмди өнүктүрүү «Манас» аэропортунан башталат, ал жерде чет элдик туристтерди кабыл алууну жакшыртып, өткөрүү пункттарын көбөйтсө, туристтерде дагы биздин өлкө жөнүндө жакшы ой калат",- деди депутат Урмат Аманбаева. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан