Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын мугалими "жаш кызды өз унаасында зордуктоого аракет кылган" деп шектелүүдө

Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын мугалими адам уурдоо жана зордуктоого аракет кылуу фактысына шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына Ош шаарында жашаган тургун кайрылган. Анда ал аталган мугалим жаш кызды өз унаасына салып барып, эл жок жерден зордуктоого аракет кылганын айткан. Жабырлануучу каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, кармалган жаран мурда да ушуга окшогон эки фактыга шектелген. Бирок иш сотко жеткен эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulsan
2014-11-28 11:54:37
Бул жолу да сотко жетпей бутуп кетет анда. уйронуп калыптырда
+2
kaku-89
2014-11-28 12:12:40
Ошондой мугалимдерди кайра иштете беришеби?
0
edu.kg
2014-11-28 12:29:39
kaku-89, Бзде баары боло берет жана мумкун.
+1
edu.kg
2014-11-28 12:33:12
Бул жолу да соттун же прокуратуранын жардамы менен бошолот. Ушинтип конуп калган копкон мугалим экенда.
0
myrza80
2014-11-28 12:52:00
Эми иши сотко жетсин озу да турмодо зордукталгандын кайфын билсин.
+2
admin_superstan
2014-12-01 12:09:20
nurjana83, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан