Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында шаардагы 12 мектеп акысыз интернет менен камсыздалат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы №2, 4, 5, 6, 7, 8, 14, 18, 20, 27, 38 жана 42-мектептерге интернет түйүндөрү орнотулуп, ал мектептерди күнү-түнү акысыз интернет менен камсыздайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тиешелүү компания менен мектептерге келишим түзүүдө өзгөчө өрт жана техникалык коопсуздукка абдан көңүл бурууну тапшырды.