Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 1-2-декабрь күндөрү жаратылыш газы берилбейт. Муну бүгүн, 28-ноябрда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган күндөрү Дэн Сяопин, Интергельпо, Кең-Суу жана Казаков көчөлөрү курчаган аймакта газ болбойт. Газ берүү тийиштүү жабдууларды тез арада оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө турганы айтылды.