29-30-ноябрь күндөрү Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы 7-кинофестиваль болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кинофестивалга 5 толук метраждуу, 2 даректүү жана 11 кыска метраждуу тасма катышат. Атайын калыстар бул тасмалардын ичинен мыктыларын тандап, акчалай байгелер ыйгарылат.
Толук метраждуу тасмалар:
1. “Аку” тасмасы. Режиссёру Толгобек Койчуманов
2. “Балакай” тасмасы. Режиссёру Мирлан Абдулаев
3. “Көк жал” тасмасы. Режиссёру Асема Токтобекова
4. “Көк салкын-2” тасмасы. Режиссёру Камчыбек Жумабеков
5. “20дагы чал-кемпир” тасмасы. Режиссёру Айбек Өмүров
Даректүү тасмалар:
1. “По следам хищника”. Режиссёру Азамат Арыков
2. “Страна, в которой мы живем”. Режиссёру Элнура Осмоналиева
Кыска метраждуу тасмалар:
1. Айдар Абдыкулов – “Пачка сигарет”
2. Айжан Ахматова - “Кибр”
3. Айпери Темирова – “Жаңы жылдык тилек”
4. Айнура Чанчарбаева – “Мечта”
5. Асел Чоткараева - “Үчөө”
6. Канат Өмүрбеков – “Звукооператор”
7. Нурбек Нургазиев – “Я или Instagram”
8. Нурлан Мирзаматов – “Илмек”
9. Нуржамал Карамолдоева – “Огуз аял”
10. Нурсултан Эстебесов – “Шайтан көпүрө”
11. Элназ Бактыгулов – “1”