Чүйдө мамлекеттик чек араны бузган тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 28-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, Чалдыбар айылынан алыс эмес жерден "Чүй" чек ара отрядынын чек арачылары тажик жаранын кармашкан. Ал Кыргызстандын аймагынан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.