"Кыргызстан Улуу Жибек жолу экономикалык алкагын жаңыртууда маанилүү роль ойнойт. Бул бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына дал келет",- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев 28-ноябрда "Улуу Жибек жолун бойлой өлкөлөрдүн бирдиктүү өнүгүшү" аттуу эл аралык жыйында.
"Кыргызстан Улуу Жибек жолунда географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкандыктан, кыргыздар өз коңшулары менен жигердүү соода-сатык кылган, калктын миграциясы жүргөн, ал кыргыз элинин башка элдер менен жакындашуусуна шарт түзгөн. Кыргыздар Тан империясы менен дипломатиялык байланыш түзүү аракетин жасаган, Тибет сындуу бир катар кошуна өлкөлөр менен соода-сатык кылган",- дейт Иманалиев.