"КРнын Ички иштер министри Шамиль Атаханов кызматынан кетери тууралуу арыз жазды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маалыматты бүгүн, 1-февралда ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов билдирди. “Министрдин кызматтан кетиши тууралуу маалымат кимдир бирөө тарабынан эле чыгарылган ушак” деди Абдраимов. Айта кетсек, кечээ, 31-январда ЖКнын жыйынында депутат Сайдулла Нышанов министр Шамиль Атахановдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат тараткан.