Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал үйүнүн жанында токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.Канат жана жашы жете К.Арсен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.