Нарын шаарында "Бир бол" саясий партиясынын Нарын шаарындагы өкүлдөрү тарабынан “Кыргыз бийи” сынагы өткөрүлдү. Ага жалпысынан 7 жаштан 20 жашка чейинки 18 бий топтору жана жеке бийчилер катышышты. Бий мелдешинин жеңүүчүлөрү диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. “Кыргыз бийи” сынагын өткөрүүнүн максаты окуучулар жана студенттер арасында нукура кыргыз бийин кеңири жайылтуу, чеберчилигин жогорулатуу, кызыгуусун арттыруу болуп саналат",- дейт партиянын координатору Камчыбек Таалайбеков. Мындан сырткары бул сыяктуу маданий иш-чаралар ынтымактуулукка чакырып, бири-бирин сыйлоого, өз ара достук мамиледе болууга тарбиялайт.
Айта кетсек, кыргыздар көчмөн эл катары бий өнөрүн кылымдар бою сактап келишкен. Бүгүнкү күнү аны кайрадан өнүктүрүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов да салымын кошууда. Ал “Кыргыз бийи” долбоорунун демилгечиси жана колдоочусу. Долбоор калың элдин бүйүрүн кызытып, бийди жаш-кары дебей жапырт бийлөөсүнө түрткү боло турган нукура кыргызча ыр-бийди жаратууну максат кылган. Анын алкагында кыргыз бийине арналган акын Кыялбек Урманбетовдун сөздөрүнө жаңы ыр жаздырылып, нукура бий элементтери менен "Кыргыз бийи" аттуу чыгарманы Султан Садыралиев эл алдына алып чыккан.