Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда “Манас” аба майданында Орусиядан келген жүргүнчүлөр Ошко кете албай турганына нааразылыгын билдирип, аларды тейлеген орусиялык “S7” компаниясын компенсация төлөсүн деп айтышууда.
Учурда “Манас” аба майданында Орусиядан келген 194 чоң киши жана 10го жакын кичинекей бала Ошко кете албай турат. Таңкы саат 5тен бери турган жүргүнчүлөр абдан ачууланып, аэропорттун кызматкерлери менен урушуп жатышат. Биз барып сураштыра баштаганда жүргүнчүлөрдүн көбү ачка калганын, бир кош бойлуу айым эси ооп кулаганын айтышты.
Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 05:00дө Ошко бара турган Орусиядан келаткан учак тумандуу аба ырайына байланыштуу Бишкектеги “Манас” аба майданына күтүүсүз конгон.