Бүгүн, 1-февралда Баткен облусуна караштуу Өрүкзар айылында жана Сох анклавынын Шахмардан айылында кыргыз-өзбек жарандарынын чек ара окуясынан кийинки элдешүүсү болду. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков, Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков, чек ара кызматкерлери жана айыл аксакалдары катышышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.