"Ооруп жаткан атама эрте жетейин деп учакка түшкөм, натыйжада Бишкектен кете албай 11 сааттан бери жүрөм" дейт жүргүнчү

"Ошто туман деп таңкы саат 5те бизди Бишкекке түшүргөндө “силерди карайт, мейманкана уюштурат” дешкен. Бирок түшкөндөн кийин "ушул аянттан чыкпайсыңар" деп, ошол бойдон кабар алышкан жок". Мындай пикирин бүгүн, 28-ноябрда “Манас” аба майданынан Ошко кете албай калган жүргүнчүлөрдүн бири Гүлмира Эрматова билдирди.

“Жалал-Абадда атам катуу ооруп, ооруканада жатат. Мен шашылыш учакка билет алгам. Албетте, минтип орто жолдо ачка каларымды билген эмесмин. Башым айланып, эсим ооп, кулап да калдым. Бизге көңүл кош мамиле жасашып, эч ким эч нерсе айтпаганына нааразы болдум”,- дейт Гүлмира Эрматова.

Жүргүнчүнүн айтымында, 11 сааттан бери Ошко кете албай жаткандардын арасында ата-энелери каза болуп, коштошуу зыйнатына келаткандар да бар. Алар аргасыздан ар кайсы бурчта ыйлап турушат. 

“Өзүңүздөр көргөндөй, азыр бул жерде кош бойлуу, кичине балдары менен жүргүнчүлөр да бар. Алар аябай чарчашты. Бизге эч кандай шарт түзүшкөн жок. Бул рейсте Санкт-Петербургдан 23 350 сомго билет алып учуп келаткандар да бар”,- деп кошумчалайт Г.Эрматова.  

Жүргүнчүлөр аэропортто 12 саат кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
nasipaa
2014-11-29 08:06:24
Уят эмеспи ушунча элди нааразы кылып уялышпай отурушат 11 саат болгондон кийин чай нанын бериш керек да. Жаш балдар, сахар мн ооругандар болсо тем более. Аэропорттун жетекчилигине уят, позор
+5
anyaza
2014-11-29 10:16:10
бул бийликтин козу кор,кулагы дулой болду Мелис Мырзакматов айтмакчы.Эч кимде жоопкерчилик жок.бироо жарым арызданса акча менен эле басып коюшат.элди угайын деген эч ким жок.жонокой айыл окмоттон баштап прокуратура,сот,ак уцйго чейин баары пара менен жашашат
+5
anyaza
2014-11-29 10:21:39
мен жаны катталган учун саясат болугуно комментарий жаза албайт экенмин.Мелисти окуп алып аябай ичим ачышып жатат.Бийликтин аябай жакшы иштеп жатканын ушул аэропорттогу корунуш далили.элди сыйлоо жок!!!!!!!!!!!!!
+3
bayana1987
2014-12-01 12:12:28
anyaza, койгулачы эй...Мелис Мырзакматовдун кандай тиешеси бар бул жерге..баарына эле кыпчый бересинерби.... эл кыйналып эси ооп атса...эээкк
0
aza.bek
2014-11-29 10:29:53
kalp ele owtuktarga tiyiwkendi toktolu tuugandar. ow jok bolso biwkekti biwkek jok bolso owtu onoy ele jok kylyp ketiwet.owonduktan birimdikte ele bololu alakanday kirgiz elim.
+3
aza.bek
2014-11-29 10:31:33
anan kop dele a4uuga aldyryp ozunordu kiynabagyla atambaev mn tekebaev barda biz onolboybuz.
+3
sezim1111
2014-11-29 16:47:46
соз жок аэропорттун жетекчилигине уят
0
bazi83kg
2014-11-29 19:10:58
жок дегенде боюнда барлар менен жаш баласы барларга конул буруп коюшса болмок
+2
Stervochka
2014-11-29 19:46:49
Аба ырайына байланыштуу самолёттор учпай калган болсо аэропорттун жетекчилиги жооп бербейт. Кайсыл авиакомпаниядан белет алынган болсо ошол компания жургунчулоруно кам коруусу керек. Кандай тушунбогон адамдар булар. Канча авиакомпания бар алардын жургунчулорун бага берсе аэропорт жок болуп кетпейби. Кайсы авиакомпаниядан белет алган болсо нааразычылыкты ошолорго айтып тамак менен жатакананы ошолордон талап кылып алыш керек. Мен да Ошко заддержка менен учтум,бирок эч кимди камап отурушкан жок.
+1
AbdiNur
2014-11-29 22:41:12
Stervochka, биз тушунбогондой не акылыбыз жок бикен айтып жатышат 2-3 рейс учту деп ...... анан тв зв кылышса керек да
-1
rozka
2014-11-29 21:51:07
Биз наборот Бишкек туман болуп Новосибирскийден Ошко кондук 3 4саат отуруп кайра Танга маал Бишкеке учуп келдик . Туман болгонун элдер тушунушот бирок 11 саат учпаса тамагын анан жатакансын аеропортто бут камсыз кылыш керек да акчаларын алып жаткандан кийин
+1
AMAH-2
2014-11-30 01:28:24
Бизде администрацияга нормально жалоб да кыла албайсың.Кылсаң кайра сени макулукту карагандай кайдыгер карап коюшат бизде.Ал эми чет мамлекетте болгондо администрация давно эле баарынын камын көрүп,курсактарын тойгузуп тынчтандыруунун ар жолун кылышмак.Ал эми биз бир соз менен айтканда "п".
+1
AMAH-2
2014-11-30 01:30:19
Ал эми бизде бир сөз менен айтканда "плевать"
+1
GULZAT.83
2014-11-30 22:31:40
кыргыз калкы озу чыдамсызбызда
0
Batken
2014-12-01 00:47:25
Бироонун кызыкчылыгы бар окшойт да аэропорттон сырткары чыгарым ар бир жургунчуго 2000-2500 сомдон компенсация берип койсо беш алты саатта жетип алышмак да чырсыз
0
Aselina_kg
2014-12-01 02:53:09
Озу биз жоопкерчиликтен ото эле кийин торолгон калк экенбиз.
Эл камын ойлогон адам чыгат болду бекен бизден?
0
admin_superstan
2014-12-01 11:59:28
Dodon, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган!Билдирүүңүз өчүрүлдү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан