Илим Карыпбеков, "Манас" аэропортунун аткаруучу директору: "Элдин Ошко жетпей калганына биз жооп бербейбиз, ошентсе да тиешелүү чара көрөбүз"

“Манас” аба майданында Ошко кете албай кармалган рейстин ар бир жүргүнчүсү өз оюн айткысы келип, улам бири келип нааразычылыгын билдирип жатты. Ал эми “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков бардык абалды түшүнүп турганын, бирок абалды жөнгө салуу анын колунда эмес экенин айтты. Эртеден бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Сиздерди да түшүнүп жатабыз. Бирок ал орусиялык компанияга биз жооптуу эмеспиз жана аларга биз буйрук бере албайбыз. Азыр эле сүйлөшүп, чечиштик, жакын арада бул рейстин жүргүнчүлөрүн каттоо аяктаса, саат 19:00дө, буюрса, учуп кете аласыздар”,- деди. 

Маалым болгондой, бул рейс менен Орусияда унаа сүзүп кетип каза болгон Баймырза Жандаралиев аттуу жарандын сөөгүн да алып келатышкан. Анын көз жумганына 5 күн болуп, сөөк жыттана баштаганы айтылды. Ал эми Назым Нарматов аттуу жүргүнчү кант диабети менен жабыркаганын айтты. "Ар бир 2 саат сайын тамактанып турушум керек болчу. Бүгүн орто жолдо ачка калдым",- деди ал нааразылана. 

Белгилүү болгондой, учурда "Манас" аба майда аталган рейсттин жүргүнчүлөрүн каттоо иштери толугу менен аяктады. Алар саат 19:00дө Оштун аба майданына учуп кетүүгө камданууда.    

Жүргүнчүлөр аэропортто 12 саат кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Гулжигит
2014-11-29 03:08:33
Эми ачка калдым дебей эле ачкачылык жарыяладым дебептир да!
-3
aslan_akjol89
2014-11-29 08:11:15
Биздин айылдан болот эле каза болгон киши,кутуп жатышкан,корсо минтип бир аз жолдон кармалышкан экен да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан