Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1-декабрда жалпы өлкө боюнча ВИЧти жуктуруп алуунун коркунучу жогору болгон адамдардын арасында иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда АКШнын элчилигинен билдиришти.
USAID`дин “Диалог” долбоору каржылаган бул иш-чаралардын катышуучулары ВИЧтин алдын алуу, белгилери жана кантип жугары, аны дарылоонун маанилүүлүгү, КРдагы ВИЧ боюнча программалар жана ресурстар боюнча, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн тарыхы жана анын белгиси болгон кызыл тасма тууралуу маалымат алышат.
Маалым болгондой, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү 25 жылдан бери белгиленүүдө. Анын негизги максаты - калкты ВИЧке каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен тааныштыруу жана мындай илдетке чалдыккандарга моралдык колдоо көрсөтүү.