Судьяларды окутуу борбору Ош облусунун судьялары үчүн семинар өткөрдү

Судьяларды окутуу борбору Ош облусунун судьялары үчүн семинар өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу борбору, “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Ош облусунун судьялары үчүн “Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өңүттөрү” деген аталыштагы семинар өткөрдү.

Семинардын программасына ылайык, төмөнкүдөй маселелер каралды:

- Шайлоодогу талаш-тартыштар түшүнүгү жана алардын жиктемеси;

- Шайлоо мыйзамындагы жаңылануулар жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгелери;

- Укук коргоо органдары тарабынан арыздарды жана даттанууларды кароо;

- Шайлоонун талаш-тартыштарын сотто кароо өзгөчөлүктөрү;

- Сот ишин кароонун процесстик тартиби;

- Шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчилик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан