Кара-Кулжа районунда кардын калыңдыгынан ички чарбалык жолдор жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 25-ноябрдан 28-ноябрга чейин катуу жааган кардын кесепетинен 70 сантиметр кар түшүп, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык жол каттамдары жабылган:
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылына баруучу 5 чакырым, Жыл-Көл айылына баруучу 2 чакырым ички чарбалык жол;
Чалма айыл аймагына караштуу Буйга айылына баруучу 18 чакырым ички чарбалык жол;
Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көңдүк айылына баруучу 9 чакырым ички чарбалык жол;
Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кылоожун айылына баруучу 3 чакырым, Кызыл-Булак айылына баруучу 5 чакырым, Терек-Саз айылына баруучу 6 чакырым, Конокбай-Талаа айылына баруучу 4 чакырым ички чарбалык жолдор жабылган.
Ошондой эле Көңдүк жана Буйга айылдарында электр зымдары үзүлгөн.