Балыкчыда уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын октябрь айында күч органдарына Балыкчы шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал үйүнөн белгисиз адамдар кирип, 150 миң сомун, алтын буюмдарын, 6000 долларын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.