Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда кардын кесепетинен жабылган ички жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов билдиргендей, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунан 1 даана бульдозер тартылып, бүгүнкү күндө жолду кардан тазалоо иштери Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылында жүрүүдө. Ошондой эле катуу жааган кардын кесепетинен электр зымдары үзүлгөн Көңдүк жана Буйга айылдарына электр жарыгы берилди.
Кара-Кулжа районундагы абал өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүнө алынганы айтылды.