Өткөн суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда соода үйүнүн 2-кабаты толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 1-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен иштебеген 2 кабаттуу соода үйүнүн 96 чарчы метр чатыры, жалпы аянты 102 чарчы метрди түзгөн 2-кабат жана ичиндеги стол, отургучтар күйүп кетти. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылындагы аянты 250 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан