Ахматбек Келдибеков: "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга орден бериш керек"
Бүгүн, 1-февралда "ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан сотто депутат Ахматбек Келдибеков да сөз сүйлөдү. Анын айтымында, депутаттар элдин кызыкчылыгын көтөрүп чыгып, негизсиз айыпталууда. "Сотто "Кумтөр" маселесин жамынып алып бийликти басып алабыз деген туурабы же туура эмеспи деген суроого эле жооп издесек болмок. Мен бүгүн Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга орден бериш керек деген сунуш айттым. Анткени алар мамлекеттин, элдин байлыгы үчүн абакта отурушат" деди ал.