Бишкекте тургунду тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алган жаран кармалды

Бишкекте тургунду тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 30-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам травматикалык тапанча менен коркутуп, сабаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 45 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан