"Электр станциялары" ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголду

"Электр станциялары" ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-жылы “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилиги тарабынан Шамалды-Сайдагы көп кабаттуу үйдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн “Сагындык” ишканасы менен келишим түзүлгөн. Бул үчүн “Электр станциялары” ишканасы “Сагындык” ишканасынын эсебине 2 миллион 236 миң сом которгон. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Электр станциялары” ишканасынын балансындагы көп кабаттуу эки үйдүн дээрлик 85 пайызы менчиктештирилип кеткени аныкталган. Мындан улам батир ээлери оңдоп-түзөө иштерине өз эсебинен төлөшү керек эле. Мунун кесепетинен 604 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан