Кубатбек Кожоналиев "камакта жатканда мени менен бир гана Турсунбек Акун сүйлөштү" дейт
2012-жылдын 3-октябрындагы "Кумтөр" боюнча өткөн митингден кийин бийликти басып алууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан Кубатбек Кожоналиев: "3-октябрда мен дарбазадан секирбей эле, үйүмө кеткем. Ал эми "бийликти басып алды" деген сөздүн өзү туура эмес. Мен УКМКнын СИЗОсунда 19 күн жаттым. Бул күндөрү мени менен бир гана Турсунбек Акун сүйлөштү. Ал эми кандайдыр бир саясий сүйлөшүүлөр болду дегенге мен кошулбайм. "Эмне себептен камалбай жүрөсүң?" деген суроого мен "ден соолугума байланыштуу чыгарылгам" деп жооп берер элем" деди. Айта кетсек, Кожоналиев аталган митингде модераторлук кызматты аркалаганын айтып келет.