Бишкек шаарында "Мадина" базарынан “7 түрмөк кездеме уурдаган” деген шек менен Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал ага таандык темир контейнерден белгисиз бирөөлөр жалпы суммасы 1,5 миң долларга бааланган 7 түрмөк кездемесин уурдап кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында уурулукка шектүү деп Ош облусунун 18 жаштагы тургуну кармалды.